Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызстанда 21-22-23-октябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттигинен билдиришти.

Анда маалымдалгандай, 22-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Айрым аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

22-23-24-октябрда түнкүсүн абанын температурасы кескин төмөндөп:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2°, күндүз 1…6° жылуу, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…+3°, күндүз 4…9° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.