Шамурат Матиев: Туризмди өнүктүрүү үчүн ар бир кыргызстандык меймандос болушу керек

Төрт тилде катыра сүйлөп, спорттун экстремалдык түрлөрү менен алектенген, өзү метереолог жаш адис кайда жашап-иштеши мүмкүн? Бизде калыптанган түшүнүк боюнча ал бери дегенде борбордо, болбосо океандын ары жагында  жүрүшү керек эле. Бирок Шамурат Матиев Алайдын тоолорунан алыс кетпей, өзү сүйгөн жумуш менен алектенип келет. 

Шамурат Матиев өзү тууулуп өскөн Алай районунун Сары-Таш айылында жашайт. Ал азыр 24 жашта. Беш жылдан бери чет элден келген туристтерге гид кызматын көрсөтүп, конок үйүн иштетет. Жаш экение карабай тоо туризмин өнүктүрүүгө жигердүү аралашууда. Ишкердиги менен бирге эле кесиби боюнча да аймактагы аба ырайын аныктоочу станцияда метеоролог болуп иштейт. Шамурат бизге, ишкердиги келечек пландары тууралуу ой бөлүштү.

– Бул тармакка кантип келип калдын?

-Беш жылдан бери өзүм сүйгөн  ишим менен алектенип келе жатам. Чет өлкөлүктөр менен иштешүү менин балалыктагы кыялым болчу. Анткени кышкы спорттун түрү болгон экстрим лыжага да кызыгып, адиси болдум. Ошондуктан Кыргызстандын жаратылышына кызыккан туристтерге бир эле жайында эмес төрт мезгилде кышында да тартуу үчүн жигердүү иштеп келе жатам десем болот.

– Кантип баштап калдың эле?

Мен кыргыз тилинен тышкары орус, англис, испан тилдеринде сүйлөйм. Чет тилдерин өз аракетим менен үйрөнгөм. Тил билгендигине байланыштуу алыскы тоолуу аймакта отуруп, интернеттен чет элдиктерди Кыргызстанга эс алып кетүүгө чакырам. Көбүнчө туристер Германия, Франция, Япония жана Австралиядан келишет. Алар Кыргызстандын кооз жаратылышына суктанышат. Туристтерге гид болуп жана конок үй кызматын да сунуштап келем. Туристерди кабыл алуудан сырткары аларга котормочу, айдоочу, экстрим спорт боюнча келген туристер менен тоолордо жүрөм, тоо велосипед, мотоцикл саякаты боюнча жүрөм.

-Көпчүлүк жаштар айылда калгысы келбейт, баары эле шаарда жашасам дейт. Сенин айылда калып ишкердик менен алектенишиңдин себеби эмне?

-Ооба, көпчүлүк жаштар шаарда калууну жактырышат. Айылда жашоо  таттаал иш жок деп ойлошкондой сезилет.  Айылда деле шаардай жашаса болот таза аба, тоолор, таза суу дегеле абдан сонун сөз менен айтып түшүндүрө албайсын. Мен деле башка жаштардай жогорку билимди борбордон алгам. Кыргыз-Орус- Славян университетинин техникалык факультетин 2016-жылы аяктадым. Аба ырайын аныктоо боюнча адисмин. Шаардагы көптөгөн иштерден баш тартып айылга карап баса бергем. Баары эле шаарга кете берсе айылда ким калат? Кантип өнүктүрөбүз элеттерди. Ошондуктан кичи мекениме кайтып, туризмге салым кошуп, элимдин бир керегине жараган жаштардан болууга милдеттүүмүн.

– Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү үчүн эмнелерди кылуу керек?

– Туризмди өнүктүрүү үчүн башка нерсени коюп туруп биринчи аларга болгон мамилебизди өзгөртүшүбуз керек. Бул үчүн  ар бир кыргыз жараны меймандос болушу шарт. Анткени айтырм туристтердин наааразычылыгын угуп калам.  Көбүнчө мотоцикл же велосипедде жүрүшөт эмеспи. Алар эс алууга токтогон кезде кээ бир тентек балдар карталарын, компастарын алып качып кетишет. Же дагы башка буюмдарын жашырып коюшат. Айрым учурда чоң кишилер да ушундай жоруктарды жасашат, тоношот. Бул туура эмес.  Келген туристтерге кылган терс мамилебиз өлкөбүзгө эле зыянын тийзигет.  Мындан улам,  туризм жакшы өнүккөн өлкөлөрго барып тажрыйба топтоп өлкөбүзгө салым кошсок жакшы болот эле.  Кооз жаратылышыбыз тууралуу чет өлкөлөрдөгү  көргөзмөлөргө чыгуубуз  зарыл.

-Чет элдик туристтер үчүн биздин өлкөдө шарттар кандай түзүлгөн?

– Жеке өзүмүн ишкердигим боюнча айсам жылдан жылга жаңы нерселерди кошуп шарттарды жакшыртканга аракет кылып жатам.  Башка өнүккөн өлкөлөрдөй шарт түзө албасак да, аз да болсо  коноктор жакшы ой пикирде калуусу үчүн болгон күчүмдү  жумшап жатам. Ал эми өкмөт тарабынан туризм жаатында иштегендерге бюир аз да болсо колдоо болсо жакшы болмко. Анткени   дуйнөлүк чоң форум көргөзмөлөрдө туристик компанияларга орун сатып алуу абдан кымбат турат. Өкмөт ошол жактан кол кабыш кылса. Ал көргөзмолөрдө биздин кооз жаратылыштагы мекенибиз тууралуу маалыматтар болуп туристтердин келүүсүнө абдан чоң жардам бермек.

– Туристтер Кыргызстанга кандай пайда алып келет? Эгер шарттар түзүлүп көп санда келишсе.

– Алардын биздин өлкөгө киргенинен баштап эле киреше түшө баштайт. Учак менен келет, билеттен бир бөлүгү бизге өлкө казынасына түшөт. Аэропорттон чыгып, таксиге отурат. Андан айдоочу пайда көрөт. Конок үйүнүн кызматынан пайдаланат ал жерге да акча төлөйт.  Дүкөндөрдөн азык-түлүк сатып алат ал да пайда болуп жатпайбы. Санасак чыга берет пайдасы бизге абдан эле көп.

Шамурат Матиев учурда бирөөдөн жардам күтүп же сөссүз эле бир кызматта олтуруунун заманы эмес деп эсептейт. Ар бир жаш алдыга максат коюп ошого жетүүнүн үстүндө иштеши керектигин айтат. Ийгиликке жетүү үчүн   ар бир жаран мамлекетти эле карап олтурбай өзү аракеттенсе сөссүз келечек жакшы болот деген ойду карманат.

Эки жумушунан бош болуп калган учурда Шамурат Матиев  тоолордо жүрөт. Жайында  велосипед, кышында лыжа тээп туристтерге лыжа тебүүгө ыңгайлуу тоолорду маркировка жасап даярдык кылат. Алай жана Чоң-Алай райондорундагы кооз жерлерге барып, ошол жерлерди тактап туристерге сунуш кылат. Алдыда Алайда шарттарды жакшыртып, жеке бизнести кеңейтүүнү максат кылууда. Мындан сырктары, хоббиси болгон экстирим жааттында да жаңылыктарды жаратам дейт.

Шамурат Матиев “Ынтымак” телеканалынын “Элет деми” программасына да маек  берген. Жаш ишкердин интервьюсун  видеодон көрүңүз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген