Шамалдан жабыркагандарга шифер жеткирилип жатат

Катуу шамалдан жабыркаган  Ала-Бука жана Чаткал райондоруна шиферлер жеткирилип жатат. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде дүң баада 15 күндүк мөөнөт менен насыяга берилет. Акысыз алып келүү милдети ӨКМге жүктөлгөн. Кар түшкөнгө чейин турак жайларды оңдоп-түзөөгө арзан шиферлерден сырткары,  эл өкүлдөрүнүн  айрымдары ыктыярдуу түрдө аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүдө. Акысыз курулуш материалдары шарты оор жарандарга кыйла көмөк болгон. 

Учурда катуу шамалдан жабыркаган, Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы турак- жайлардын  70 пайызы кайра калыбына келтирилди.

Декабрь айында секундасына 30 метрге жеткен катуу шамал  Ала-Бука районунун  1-май, Көк-Таш, Көк-Серек айылдарындагы имараттардын 40 пайызына зыян алып келген. Учурда келтирилген чыгым, 6млн сомго чамалайт.

Эске сала кетсек, декабрь айында катталган катуу шамалдын кесепети Жалал-Абад облусунан сырткары, Таластын Кара-Буура жана Бакай-Ата райондоруна да зыян келтирген. Анын кесепетинен 400 гө жакын турак үй, 30 дай мекемени керектен чыгарган. Жабырлануучуларга жардам берүү  жагы парламенттин кезексиз жыйынында да көтөрүлүп, эл өкүлдөрү өкмөттү табигый кырсыктын кесепеттерин  жоюу үчүн чара көрүүгө чакырышкан болчу.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген