Шайлоого даярдык көрүү боюнча аймактарда түшүндүрүү иштерин алып барып жатышат

Борбордук шайлоо комиссиясынын адистери шайлоого даярдык көрүү боюнча аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Кезектеги жыйынды Баткен облусунда өткөрүшүп, катышуучуларга шайлоо өнөктүгүндө аткарылуучу жумуштар тууралуу маалымат беришти.

Мындан сырткары жыйында техникалык даярдык, шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча да тапшырмалар берилип жатат. Жолугушууларда мүмкүнчүлүгү чектелгендердин шайлоого катышуудагы маселеси да каралды. Адистер 15-октябрда кошунага көмөк көрсөткөн “Кошунаңды ээрчите кел” акциясы уюштуруларын айтышты. Иш чара мүмкүнчүлүгү чектелгендеге жардам берүүгө максатталып уюштурулат.

Эске салсак, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда талапкерлерди каттоо уланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген