Шайлоо: Ош шаарына Эл аралык байкоочулар келишти. Максаты эмне?

Ош шаарына КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык байкоочулары келишти. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 7-сентябрь күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмилбек Шадыханов баштаган мэриянын аппарат кызматкерлери жана КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынан эл аралык байкоочулар Роман Амбурцев жана Роман Ромашов менен жолукту.

Жолугушуу учурунда тараптар КРнын ЖКнын депутаттарын шайлоого даярдык көрүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

“Аталган ассамблеянын Кыргызстанга болгон сапарынын башкы максаты- шайлоонун ачык-айкындыгын камсыз кылуунун негизги каражаттарын изилдөөгө мониторинг жүргүзүү. Бул программанын негизинде биз региондордун жетекчилери, жергиликтүү башкаруу органдары, партиялардын лидерлери  жана шайлоону ачык-айкын, мыйзамдуу өткөрүүнү камсыз кылуучулар менен жолугушууларды уюштурабыз”,-деп маалымдады эл аралык байкоочулар. 

Ошондой эле ЖКнын депутаттарын шайлоого КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан, демократияны өнүктүрүү жана мониторинг жүргүзүү боюнча Эл аралык институтунан делегация келиши каралган.

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрь күнү өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.