Шахра Талипова: Гүлзат үчүн ырдайм

ыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө татыган Шахра Талипова буга чейин күйөрмандары үчүн ырдап келсе, мындан ары кызы, маркум Гүлзат Батыркановага ырларында өмүр берүү максатында үн созот. Муну атактуу ырчы Талипова “Ынтымактын” “Аброй” программасына берген маегинде белгиледи.

Чындыгында шаңкылдаган үнү, кайталангыс таланты, ырлары менен эл алкышына ээ болуп келе жаткан Шахра эжени тааныбаган адамды кезиктире албасак керек. Ал элдик жана көрүнүктүү обончулардын, композиторлордун ырларын комуздун, эл аспаптар оркестринин, ансамблдердин коштоосунда ийнине жеткире ырдап жүрөт. Ачык мүнөзү менен сахнада өз ордун таап, дале болсо чыгармачылыктын чыйыр жолунан чыкпай келет.

Кыргыз сахнасынын алпы аталган Шахра Талипова алтымыштын кырын ашып турган чагы. Ошентсе да тыным албай иштеп, репертуарын жаңы ырлар менен толуктап жатат жана күйөрмандарын кубантып концерт берүүнү көздөөдө. Ырчынын алдыдагы пландары, жетишкен ийгиликтери жана жеке жашоосу тууралуу“Абройго” айтып берди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген