Шаарлардын күнү белгилениш керекпи? Сурамжылоо

Мамлекеттик бюджеттен каржылана турган маараке, иш-чараларга беш жыл мораторий киргизүү сунушталды. Аны ЖК депутаты Акылбек Жамангулов 13-сентябрда парламент жыйынында билдирген. 

Эл өкүлүнүн айтымында, 2018-жылы мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин бюджетинен каржылана турган 105 той, иш-чара планга киргизилген. Ар бир маараке мамлекеттик, жергиликтүү бюджетти чыгымдарга учуратат.  Каражаттарды үнөмдөө максатында мааракелерге 5 жылга мораторий киргизүү керек.

“ Бул эмне деген? Ар бир тойго 2 миллион сомдон эле санагылачы? Балыкчынын 120 жылдыгы, Нарындын 150 жылдыгы, Кызыл-Кыянын 120 жылдыгы, Сузактын 100 жылдыгы, Базар-Коргондун 100 жылдыгы, Лейлектин 90 жылдыгы. Ар бир маараке мамлекеттик бюджеттен, жергиликтүү бюджетен бир топ чыгым талап кылат”,-дейт эл өкүлү.

Ал эми бул сунуш колдоого ээ болобу же жокпу азырынча белгисиз.

Мындан улам “Ынтымак” Ош шаарынын тургундарынан депутаттын демилгеси тууралуу суроо салган.

Ал эми сиздин пикириңиз кандай? Добуш берип, биздин фейсбуктагы баракчабызга комментарий калтырыңыз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген