“Шаар аралаган”  кичинекей арстан “Бугу эне” фондуна өткөрүлдү

Шаар ичинде белгисиз бирөө жетелеп жүргөн арстандын баласын Мамэкотехинспекция кызматкерлери табышты.  Кызыл китепке кирген жаныбарга Акжолтой деп ат коюп, “Бугу эне” коомдук фондуна өткөрүп беришти. Бул тууралуу инспекциянын өкүлү Анара Мамбеталиева билдирди. 

Мындан бир нече  күн мурда арстанды шаар ичинде белгисиз бирөө жетелеп жүргөнү тартылган сүрөт социалдык тармактарга жайылган. Колдонуучулар нааразылыгын жана кооптонусун билдирген.

Мамэкотехинспекция укук коргоо органдары менен бирге арстанды издөөгө дароо киришкен. Жыйынтыгында кичинекей жырткычты Ысык-Көлдүн тургуну багып жүргөнү аныкталды. Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Инспекциядан кошумчалашкандай, арстан чоңойгон сайын кооптуу болуп, адам өмүрүнө кол салышы мүмкүн эле.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген