Сеул бийлиги коронавирусту тараткан диний агымдын мүчөлөрүн адам өлтүрүү боюнча айыптап, сотко берди

Кечээ, 1-мартта  Сеул бийлиги “Шинь-чонджи күбөлөрүнүн ийбадатканасы” сектасынын 12 мүчөсүн коронавирусту тараткандыгы үчүн айыптап, сотко берди

Сеул бийлигинин айтымында, аталган илдет дал ушул сектанын күбөлөрү чогулган Тэгу шаарында пайда болуп, бир адамдан экинчи адамга жугуп олтуруп, бүткүл өлкөгө кулачын жайган.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, аталган сектаны өзүн машаякмын деп атаган 88 жаштагы Ли Ман Хи жетектейт.

Сеул шаарынын бийлиги текшерүү учурунда  сектанын курамында 230 миң адам бар экендигин, алардын 9 миңинен коронавирустун белгилери байкалып жаткандыгын аныктаган.

Түштүк Корея коронавирустун Кытайдан кийинки экинчи очогу болуп, вирусту жуктургандардын саны 3 736 адамга жетип, 21 адам көз жумду.

Оорулуулардын жарымынан көбү “Шинь-чонджи күбөлөрүнүн ийбадатканасы”сектасынын мүчөлөрү.

Түштүк Кореядагы абал тууралуу анда жашаган мекендештерибиз айтып берди

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген