Сен ийгиликке жеткен күнү баары өз күчүн жоготот

Көпчүлүк адамдар жакын адамдары менен идеалдуу мамиледе болууну, кыялындагы жумушунда иштөө аркылуу жашоодон ырахат алууну көздөшөт.  Айтууга оңой болгону менен муну ишке ашыруу көп эмгекти талап кылат жана чыдамкайлык менен туруктуулукка үйрөнүүгө туура келет.

Михаил Литвак орусиялык жазуучу, психотерапевт, психология тармагында жазылган 30дан ашык китептин автору.

“Кээ бирлер бекем үй-бүлө курат, башкалар карьерасын өстүрүүнү максат кылышат,  а үчүнчү тарап жер кыдырып, дүйнө таануусун кеңейткиси келет. Койгон максаттарды багындыруу үчүн жашоонун бир нече “эрежелерин” эске түйүп алуу туура”,- дейт психолог Михаил Литвак.

  • Бактылуулук максат эмес. Бакыттын артынан чуркаба

Бактылуулукту башка адамдан же кандайдыр бир материалдык нерселерден табам дегендер жаңылышат. Адам качан гана жашоодон ырахат алганды үйрөнгөндө, бакыт ичтен, жүрөктөн чыгат. Биз жеткен бийиктиктер, багынткан ийгиликтерибиз бакытка карай жол гана болуп бере алат.

 

  • Айланадагылардын ойлорунан көз каранды болгонду токтот

Эгер сен өзүңдү жакшымын, акылдуумун, татыктуумун деп эсептесең, анда башкалардын сен жөнүндө эмне деп ойлогону маанилүү эмес. Алар сага тоскоол болбошу керек.

 

  • Күтпө, сураба

Чын эле бир нерсеге жеткиң келеби? Анда өз жашооңду өзүң гана башкар. Бирөөнүн ой-пикирин, көз карашын, уруксатын, колдоосун жана жардамын күтүп олтура бербе. Бар да жаса.

 

  • Теоретик болбо

Билим менен аракетти айкалыштырган зирек адам бол. Билимдүү адамдын баары эле ийгиликке жете бербейт. Билими бар, бирок аны кайсы жакка колдоноорун билбеген көп эле жандар бар. Андайлар бирөөлөрдү сындаганга уста болушат.

 

  • Бардык айыпты башкаларга кое бергенди токтот

Сенин душманың – артыңда туруп алып сени качан жыгылаар экен деп күтүп  турган бирөө эмес. Эң каардуу душманың – бул өзүң.

 

  • Баарына жага бергидей сен акча эмессиң

Баарына жагуу мүмкүн эмес. Эмне кереги бар? Андыктан, бирөөлөргө жагууга аракет кылып, энергияңды кетирбе.

 

  • Төлөмгө так бол

Эгер сени кимдир бирөө күнөөкөр кылгысы келип же берген жардамы үчүн ыраазычылык алгысы келип жатса, анда алардын кызматы канча тураарын сура. Эсептеш, төлө да байланышты үз.

 

  • Реалдуу нерсе жөнүнө гана кыялдан

Ишке аша турган нерсени гана кыялдан. Ойдон чыгарылган же мүмкүн эмес кыялдар менен башыңды толтурба.

 

  • Душманың менен баарлаш

Достор менен сүйлөшүп олтуруу албетте сонун. Бирок дос эмес, душман менен баарлашканда гана сен өзүң жөнүндө жаңы нерселерди билесиң. Ошондуктан, кээде досту эмес, душманды уккан пайдалуураак.

 

  • Китеп – эң жакшы кеңешчи

Пайдасыз адам менен баарлашканча жакшы китеп окуу көбүрөөк пайда берет.

 

  • Убактыңды татыктуу жана пайдалуу өткөр

Бирөөнүн жашоосуна мурдуңу салбай, өзүңүн жашооңо баш багып көрчү, балким кызыктуу жана пайдалуу нерселерди табаарсың.

 

  • Жалгыздыктан коркпо

Жалгыздык – жашоонун бүткөнү эмес. Тескерисинче ал адамдын руханий өсүшүнө, өзүн-өзү таанышына, эрктүү болушуна шарт түзүп берет.

 

  • Кубанычыңды бөлүш

Өзүмчүлдүк жакшы эмес. Кубанычыңды башкалар менен канчалык бөлүшкөн сайын, ал чоңое берет.

 

  • Шылдыңга жана сындарга маани бербе

Сен ийгиликке жеткен күнү сен тарапка атылган шылдың менен сындар күчүн жоготот, мааниге ээ болбой калат.

 

  • Өзүң үчүн жаша

Айланаңдагыларга бир нерсени далилдеп жүргөндө жашооң өтүп жатат.

Ийгиликке жетиш үчүн майыптык тоскоол боло албаганын далилдеген Инават Чопошова

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген