Семиз малдын сыры тоютта гана эмес. Анда эмнеде?

Малдын эт байлашында тоют эле эмес, сарай да негизги орунда. Кармалган жайы жылуу болбосо, бодо мал салмак кошпойт. Ошондон да аба ырайы катаал  аймактарда кышкысын мал арыктай түшөт. Буга сарайларда температуранын бир калыпта сакталбаганы себеп.

Мына ушундай шарттан улам жайлоодон семиз келген малдар 7 айга созулган кыш ичи салмагын кескин таштоодо. Болжол менен орточо 15 килограммга чейин арыкташат. Анткени сарай ичиндеги температуранын сырттан айырмасы жок.

Талаптагыдай температураны типтүү сарайлар гана кармап бере алат. Анын малдын эттүүлүгү менен сүттүүлүгүндө орду чоң. Мында ар бир бодо малга өзүнчө акыр каралат да, тоют текши берилет. Натыйжада жакшы салмак кошушат. Анан да өзүнчө байланып турган малдар жугуштуу оорулардан оолак болот. Эң башкысы жылуу жерде кармалган малдар убагында төл берет.

Ири мүйүздүү малдарга типтүү сарай  кантип, кандай шартта курулушу керек? “Ынтымак”телеканалы “Бай Алай” программасы менен биргеликте 3D форматында көрсөтүп берет.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген