Семетей Аманбеков: Мыйзамды билген журналист – бул чоң күч

БШКнын маалымат жана үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоо боюнча жумушчу тобунун өкүлдөрү республиканын бардык аймактарында журналисттер жана блогерлер коомчулугу менен жолугушууларды өткөрүштү. Шайлоо учурунда журналисттердин ишинин маанилүү аспектилери, Жогорку Кеңешке шайлоону уюштуруунун негизги этаптары, жарандарга шайлоо процессинин жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелери тууралуу маалымат берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз болду.Жумушчу топтун мүчөсү, Кыргызстандын көз карандысыз журналисттер союзунун төрагасынын орун басары Семетей Аманбеков менен шайлоо алдындагы бүтүндөй процесстеги журналисттердин ролу жөнүндө баарлаштык.

– Өткөн жылы эле түзүлгөн маалымат жана үгүт эрежелерин сактоо боюнча жумушчу топ кандай максаттарды жана тапшырмаларды коюп жатат?

– Жалпысынан биздин жумушчу топтун максаттары жана милдеттери жөнүндө айта турган болсок, бул биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын жарандарына шайлоо процесси тууралуу массалык маалыматты жайылтуу, шайлоонун өзгөчөлүктөрү, алардын этаптары жана ар бир шайлоочу өзүн шайлоочулардын тизмесинен кантип таба ала турганы боюнча маалымат берүү. Экинчиден, биздин жумушчу топ үгүт жүргүзүү эрежелеринин так сакталышы боюнча иш алып барат.

Эгерде саясий партиялар, айрым талапкерлер, маалымат каражаттары үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин бузса, биз андай иштерди карайбыз. Жарандар жана шайлоо процессинин башка субъекттери бизге арыз менен кайрылса болот. Биз бул арыздарды укук бузуулар кандайча болуп жатканын билүү үчүн карайбыз.Белгилей кетчү нерсе, биздин жумушчу топко жети медиа эксперт киргизилген, алар маалымат каражаттарынын жардамы менен үгүт эрежелерин бузууларды айырмалап, так аныктама жана эксперттик баа бере алышат. Бул мыйзам бузуулардын жыйынтыгына таянып, биз эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок деп айтабыз, же эгерде мыйзам бузуулар болгон болсо, анда биз БШКга мыйзам чегинде айрым чараларды көрүүнү сунуштоо үчүн чечим кабыл алабыз –алар айып пулдан баштап, эки же андан көп эскертүү берүү, талапкерди же партияны шайлоодон чыгарып салууга чейин алып келиши мүмкүн.

– Демек, шайлоо процессинин катышуучулары сиз менен иштешкен максаттуу топтор экен да? Тактап айтканда, булар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, маалымат каражаттары, блогерлер жана албетте биздин шайлоочулар. Ар бир аудитория менен иштөөдө сиздин өз ыкмаңыз жана ишиңиздин максаты бар. Сиз мындайтүрдүү топтор менен кантип иш алып барасыз?

– Биздин негизги милдет – максималдуу маалымат берүү. Биз жалпыга маалымдоо каражаттарына үгүт жүргүзүүнүн, маалымат берүү эрежелерин түшүндүрөбүз, басма сөз кызматы андан кийин ар кандай форматтагы маалыматтык материалдарды таратуу аркылуу колдоно турган ыкмаларды түз иштеп чыгуу менен ишке ашырат.

Шайлоо процессинин башка катышуучуларына – талапкерлер, саясий партиялардын мүчөлөрү жана БШКнын мүчөлөрүнө келсек, мында биздин жумушчу топ маалымат берүү менен кандай өзгөчөлүктөр, жаңылыктар, үгүт эрежелери бар экенин көрсөтөт. Биз дайыма бул эрежелерди бузбоо боюнча кайрылып турабыз.

Белгилүү болгондой, шайлоого байланыштуу саясий жаңжалдардын көбү шайлоо процессинин эрежелеринин бузулушунан келип чыгат. Биздин милдет – шайлоо процессинин бардык катышуучуларына эрежелерди бузуунун кажети жок экенин жеткирүү. Шайлоочуларга өз укуктарын колдонушу үчүн келип, туура добуш берүүнү жеткирүүгө аракет кылабыз.

– Сиз бузулбай турган эрежелер бар экендигин аймактарда маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер менен жолугушууларда айттыңыз. Кандай эрежелер бар экенин ачык айтсаңыз?

– Бардык журналисттер жана талапкерлердин өкүлдөрү менен болгон жолугушууларда биз “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык Мыйзам бар экенин түшүндүрөбүз. Анда үгүт жүргүзүүнүн бардык эрежелери жазылган.

Шайлоо учурунда бул конституциялык мыйзам бардыгы күндө ачып карай турган китеп болушу керек. Журналисттер тарабынан мындай мыйзам бузуулар болуп жатат, алар материалдардын чыгуу маалыматы – ким буйрутма берип, ким аркылуу канча нускада чыккандыгы тууралуу маалыматы жок басып чыгарышат, бул жазаланат. Ар кандай үгүт материалдарында кимдин шайлоо фондунан, ким аркылуу төлөнгөнү ачык жазылган маалыматы болушу керек.

Көп учурда аккредитациянын мөөнөттөрүн бузушат. Үгүт иштеринин алкагында башка талапкерди же партияны каралоого мыйзам тарабынан тыюу салынган. Дебаттардын эрежелери бузулат. Добуш берүү күнүнө 24 саат калганда жымжырттык күнү белгиленет, анда материалдарды чыгарууга болбойт. Журналисттер муну түшүнүшү керек, эгерде талапкер же партия үгүт эрежелерин бузса,ЖМКлар анын баарын чагылдырып берсе, анда ЖМКлар кошо жоопкер катары айыпка тартылат.Эгерде массалык маалымат каражаттары баланын сүрөтү менен үгүт материалдарын чыгарса, 18 жашка чейинки адамдарды, диний уюмдардын өкүлдөрүн же чет өлкөлүк жаранды үгүт иштерине тартса да бирге жоопкерчилик тартат. Себеби мыйзам буларга тыюу салат. Журналист мыйзамды билсе эле андан күчтүү жана компетенттүү эч ким болбойт.

– Эми добуштарды сатып алып мыйзам бузган учурдагы жоопкерчилик жөнүндө сүйлөшөлү, анткени пара берген да, акча алган адам үчүн да бул кылмыш иши. Биздин аң -сезимибиз кандайча өзгөрүшү керек?

– Шайлоо процессине бюллетендерди автоматтык түрдөэсептеген автоматташтырылган башкаруу системасын киргизүү менен, шайлоодогу бурмалоолордун бир түрү – участкалык комиссиялар менен макулдашып алып бюллетендерди массалык түрдө таштоо жоюлду.

Шайлоону бурмалоо дээрлик мүмкүн эмес болуп калды. Бирок абийирсиз партиялар жана талапкерлер башка формага – добуш сатып алууга өтүштү. Добуш сатып алуу биздин шайлоолордогу кесепетке айланды. Азыр паракорлукка алдырбай талапкерди тандоого эң сонун мүмкүнчүлүк бар, муну бизэлге жакшылап жеткирүүбүз керек. Бул тууралуу биз тренингдерде ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен да сүйлөштүк.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.