Сегиз, жети, он саат. Окумуштуулар канча убакыт уктоо керек экендигин аныкташты

Ден-соолукка пайда боло турган уйку суткасына 6 саттан 8 саатка чейин гана болуш керек. Бул жыйынтыкты  эл аралык окумуштуулардан түзүлгөн топ чыгарды. Аладын изилдөөсү боюнча макала Европалык кардиологтордун журналында жарыя болду.

Сегиз жыл ичинде, 35-70 жаш курактуу 166 миң адамдардын уйку күндөлүгүнө иликтөө жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында окумуштуулар жүрөк, тамыр ооруларынан улам келген өлүм көп уктагандыктан чыгаарын аныкташкан.

8-9 саат уктагандардын оорууга чалдыгуусу 5%га көтөрүлгөн, 9-10 саат уктагандар 17%га, ал эми 10 сааттан көп уктагандардын болсо оорууга жакындыгы 41%га жогорулайт экен.

Окумуштуулардын айткандары боюнча, түнкүсү адам 6 сааттан аз уктап, күндүзү көбүрөөк уктаса да жүрөк оорууга алып келет.  Ошондуктан, укталбай калган гана мөөнөтүн толуктап укташ керек экенин да белгилешет.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген