“Саякбай” көркөм тасмасы Кыргызстандын башка айматарында да коюлат

“Саякбай” фильми 16-сентябрда Ош шаарында “Семетей” кино театрында элге туртууланат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти. Буга чейин маалым болгондой, тасманын дүйнөлүк премьерасы 24-августта Канадада өткөн. Ал эми борбор шаарда 8-сентябрда болгон.

Буга чейин аталган тасма эл аралык Монреаль кинофестивалынын “Мыкты инновациялар үчүн” категориясында “Алтын Зенит” сыйлыгына татыган.

“Саякбай” фильминин режиссеру – Эрнест Абдыжапаров. Тасманы тартуу иштери “Саякбай манасчы” коомдук фонду тарабынан каржыланып, “Кыргызфильм” студиясы техникалык жактан колдогон.

“Саякбай” тасмасы атактуу манасчы, ХХ кылымдын Гомери аталган Саякбай Каралаевдин таланты жана манасчылык өнөрү тууралуу баяндайт. Улуу манасчынын өмүрү менен өнөрүн баяндаган тасма баштан-аяк Саякбай манасчы менен атактуу Чыңгыз Айтматовдун маегинен, эскерүүлөрүнөн турат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz