Сауд Аравиясы чет элдик зыяратчылардын кичи ажылык сапарына кирүүсүнө уруксат берет

10-августтан тарта Сауд Аравиясы эмдөөдөн өткөн чет элдик жарандарга Умрага кичи ажылык сапарын аткарууга уруксат берет. Бул тууралуу The Siasat Daily басылмасы билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, өлкөгө коронавируска байланыштуу алдын-алуу чараларын сактаган зыяратчылар гана киргизилет.

Тактап айтканда, чет өлкөлүктөр коронавируска каршы падышалыкта бекитилген дары-дармектер менен эмделиши керек – Pfizer, Moderna, Johnson & Johnson, AstraZeneca, же терс ПЦР тест керек. Вакцинациядан өтпөгөн зыяратчылар үч күндүк карантинден өтүп, андан кийин коронавируска каршы экинчи ПЦР тестинен өтүшү керек.

“Өлкөнүн бийлиги дагы кытай вакциналарын тааныйт, бирок толук вакцинациядан кийин Pfizer, Moderna, Johnson & Johnson же AstraZeneca дары-дармектерин (эмдөөдөн алты ай өткөндөн кийин кошумча дозасын) жасаш керек”,- деп жазат басылма.

Эске салсак, быйыл Мекке жана Мединадагы ыйык жерлерге улуу зыярат 17-22-июль күндөрү болду.

Былтыркыдай ажылыкка падышалыктын тургундары гана катыша алышкан. Чет элдиктер үчүн ажылык жабык болду.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.