Сауд Аравия Кыргызстанга 3 млн 797 миӊ доллар грант бөлөт

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанга меджабдуулар жана эт экспорттоо үчүн 3 млн 797 миӊ доллар өлчөмдө грант бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүнгөн гранд медициналык жабдыктарды алууга жана карантиндик аймак курууга жумшалат. 

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа айылында жана Түп айылында үй-бүлөлүк медициналык борборлорду жабдыктарга,  Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдыктар менен жабдылоого  1 млн 245,2 миӊ доллар сарпталат.

Сауд Аравия Королдугуна этти экспортто үчүн Чүй облусуна карантиндик зона курууга  960 миӊ доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт.

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоого1 млн 440 миӊ доллар бөлүнүүдө.

Мындан сырткары, гранттык макулдашуунун алкагында, бул үч долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарга 151,8 миӊ доллар бөлүү каралууда.

Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башчысы Калысбек Жумакановдун айтымында, Кыргызстандын аймагына заманбап соода-логистикалык борборун куруу Сауд Аравия Королдугуна жана дагы башка айыл чарба жаныбарларын жана жаныбарлардан алынган продукцияларды экспорттоого мүмкүндүк берет. Ал үчүн Чүй облусунун аймагынан 5 гектар жер бөлүнүп берилүүгө тийиш.

Гранттык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген