Сасык тумоого чалдыккан балдардын саны көбөйүп жатат

Ош облустук балдар ооруканасына күнүгө жүздөн ашуун сасык тумоого чалдыккан балдар келет. Аба ырайынын төмөндөшү менен оорулар күч алып, анын ичинде сасык тумоо менен ооругандардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат.

Жөтөл жана мурундан аккан суудан улам баланын денесине ысытма чыгып, температура улам көтөрүлгөн сайын баланын абалы оорлошуп, натыйжада бала бир саамга кыймылдабай, оозу көгөрүп, карышып калат. Мындай абалга ооруканага келген ар бир экинчи бала кезигип жатат.

Ак халатчандар балдардын бир нече секундга тиштенип, катып калган абалын- карышма оорусу деп аташат. Алардын айтымында ооруган баланы убагында дарыгерге көрсөтүп, керектүү медициналык каражаттарды колдонуу менен аталган дартты жеңгенге болот.

Медайым Базаргүл Чожоеванын билдирүүсүндө, эгерде бала тез-тез дем алса, энтиксе жана оозу-мурдунун айланасы көгөрсө, тамак жегенден, эмчек эмгенден баш тартса, ысытманы түшүрүүчү каражаттар эч кандай таасир бербесе, бирок колу-буту муздак болсо, анда сөзсүз түрдө баланы дарыгерге алып келиш керек. Анткени бул- эң кооптуу учур. Медайым кошумчалагандай, жайдын аптаптуу күндөрүндө жана кыштын ызгаардуу суугунда карышма оорусу күч алып, сасык тумоологон балдар арасында тез-тез катталат. Андыктан карышманын алдын алыш үчүн, ата-эне сак болушу керек.

Текст: Таңкыз Эргешбаева

Бегимай Асанова

Оператор-монтажёр: Кымбатбек Абдисамат уулу

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген