Сарыбашов: биринчи кезекте акчаны ойлогон жетекчилер бизнеске кетишсин

Кечээ, 27-ноябрда Ош шаарынын мэрии Таалайбек Сарыбашов «Алымбек датка» жана «Манас-Ата» аймактык кеңешинин жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж. Ормонов, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Анда негизинен жашоочулар тарабынан негизинен автотыгын, ички жолдорду ачуу, мыйзамсыз курулуштар боюнча маселелер көтөрүлдү. Мындан тышкары жол коопсуздугун караган милиция кызматкерлери менен дарыгерлердин ишине сындар айтылды.

Калаа башчысы тургундардын суроолоруна жооп берип, айтылган көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттер болуп жатканына токтолду.

«Автотыгындарды жоюу боюнча аракеттер көрүлөт. Алдыда жолдорду ачуу, ички жолдорду кеңейтүү боюнча пландар бар. Биз элдин көйгөйүн угалы деп аймактык кеңештерди кыдырып жатабыз. Жолугушууларда дарыгерлердин ишине нааразычылыктар көп айтылып жатат. Гиппократтын антын ичкендер эл менен мамилесин оңдош керек. Бир гана медицина тармагында эмес, бардык тармакта өздөрүнүн ишин мыкты аткарыштары керек. Биринчи акчаны ойлогон жетекчилер бизнеске кетиш керек. Коррупция кылбагыла. Мына бүгүн милициянын аймактык тескөөчүлөрү да эл менен тыгыз иштебей жаткандыгы айтылды. Элге көңүл буруп, тыгыз иштешкиле”,- деди шаар мэри Т. Сарыбашов.

Мэр мыйзамсыз курулуштарга да токтолуп, 27 курулуш токтотулганын, азыркы күндө соттошуулар болуп жатканын айтты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген