Сары-Булак: кооптуу аймактан көчүрүлгөндөрдүн үй курууга акчасы жок

Сузак районунун Сары-Булак айылында жер көчкүдөн жабыркагандар үй сала башташты. Аларга мамлекеттен жер тилкелери  гана берилген. Турак-жайы топурак алдында калган 4 үй-бүлөгө атайын эсепке чогулган акчадан беришкен. А көчкү коркунучунан улам жер которгон 10го жакын кожолукка эч кандай колдоо көрсөтүлгөн эмес.

Каржылык жардам болбогон соң көчүрүлгөндөрдүн үй тургузууга чамасы жетпей турган чак. Мындай болсо кышта ай-талаада калабыз деп кооптонушат алар. Мамлекет жок дегенде курулуш материалдарына көмөк көрсөтсө деген ойлорун айтышты.

27-январда Сары-Булак айылында  жүргөн жер көчкү 4 үйдү басып калган. Бул турак-жайлардын ээлерине жана кооптуу деп табылган 8 кожолукка Кашка-Терек айылынан 10 сотыхтан жер берилген.

Үйүн көчкү басып калган төрт үй-бүлөгө көмөк көрсөтүүгө атайын эсеп ачылып, каражат чогултулган. Ошонун эсебинен эки бөлмөлүү төрт турак-жай тургузулууда. Себеби буга чейин жабырлануучуларга кооптуу аймак экендиги эскертилбеген жана ссуда берилген эмес. Калган 8 үй-бүлөгө мамлекеттен жер тилкесинен башка жардам берилген жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.