“Сармерден” телефестивалынын программасы

 

Сынактын максаты – Эл ичиндеги өнөрлүү инсандарды табуу, мыктыларын жумурай журтка таанытуу, алардын талантын таптоого талпынтуу менен бирге руханий байлыгыбызды арттырып, маданиятыбызды дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүүсүнө көмөктөшүү. «Эл ичи – өнөр кенчи» экенин айгинелөө. Унутта бара жаткан каада-салт, үрп-адаттарыбызды жандандыруу жана ошондой эле кыргыз тилин өнүктүрүү, улуттар арасындагы мамилени чыңдоо болуп эсептелет.

«КӨРГӨЗМӨ-ЖАРМАНКЕСИ»

    1. Райондордун көргөзмө-жарманкеси: өндүрүш, өнөр жай, кол өнөрчүлүк, кайра иштетүү жана башка региондун инфраструктурасын, жашоо шартын жана маданий өнүгүүгө салымын кошуп жаткан ишканалардын жасаган иш аракеттери ж.б.
    2. Улуттук каада  салт урп-адатты чагылдырган бир көрүнүш.
    3. Көргөзмөнү баалап жаткан учурда улуттук кол өнөрөрчүлүк, чыгармачылык, өндүрүш шаймандары жана өндүрүлүүчү продукцияларга көңүл бурулат.
    4. Келечекте региондорду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун, иш чаралардын макет жана пландарын көргөзсө болот.
    5. Ар бир команданын көргөзмөсүн баалого калыстар тобуна 15 минутадан убакыт берилет.

«САРМЕРДЕН»  ПРОГРАММАСЫ

  1. Алып баруучулардын саламадашуусу. Командалар сахнага чакырылат. ( Эскертүү ар бир тарапта катышуучулардын саны он беш өнөрпоздон ашпоо керек! Катышуучулар улуттук кийимде болууга тийиш! (3-4 минут).
  2. Өкмөт башчылары жана Сармерден теледобоорунун автору ачып беруу үчүн сөзгө чакырылат.(10 минут)
  3. Алып баруучулар калыстар тобу менен тааныштырат. (2минут)
  4. Командалардын саламдашуусу. Сөз чеберчилик же ыр түрүндө саламдашса болот. Саламдашууда командалар улуттук аспаптар менен күү коштосо болот(элдик фольклор). (4 минут ар бир командага)
  5. Жаңылмач жана Макал-лакап айтышуу. Макал-лакап айтышууга ар бир командадан бирден сөзгө чечен өкүлү чыгат. Биринчи сөз тапай калган катышуучуга чейин улана берет. Уткан тарап командасына кошумча упай алып келет. Эскертүү макал айтышууга сегиз минута убакыт берилет. Эгерде сегиз минутадан ашып кетсе макал айтышуу токтотулат жана макалдын маани- маңызына карап калыстар тобу баа берет. жалпы (10 минута)
  6. Элдик ырлар сынагы, элдик фольклор. (жандуу музыка жана жандуу үн менен болуу керек). (5 минута ар бир тарапка берилет)
  7. Кыз-келиндер ортосунда акыйнек айтышуу. Акыйнек айтышууда өз эл-жерин даңазалоо керек. Эки командада төрттөн катышуучу болууга тийиш. (Эскертуу акыйнек айтышууда атаандашынын командасын ошондой эле эл-жерин мазактоого тыйуу салынат) (жалпы убактысы 5-6 минута)
  8. Манас айтуу(«МАНАС» эпосунан узунду). (6 минута)
  9. Бий боюнча сынак. Уллуттук бий. (4 минута)
  10. Сатирикалык интермедия. 8 минута
  11. Жеке номер. Кыргызстандан чыкан белгилүү акын, жазуучу жана обончулардын ырлары. Эл ичинен чыкан нукура таланттарды алып чыгуу зарыл.(5 минут)
  12. Район жетекчилеринин бири бирине арнаган белектерин тапшыруу аземи.
  13. Беттешүүнү жыйынтыктоо жана кийинки беттеше турган командаларды, алардын беттеше турган күнүн жарыялоо.

Райондордогу командалардын даярдыгын атайын түзүлгөн топ беттешке 5 же 7 күн калганда барып көрүп чыгышат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген