Саратовдо 700дөй Өзбекстандын жарандары ишсиз калуу коркунучунда турат

Орусиянын Саратов облусунда 700дөй өзбекстандык ишсиз калуу коркунучунда турат. Пандемиядан улам сезондук иштер токтоп, чек аралардын жабыктыганан улам Өзбекстандын жарандары мекенине келе албайт. Бул тууралуу Орусия менен Өзбекстандын аймактык жетекчилеринин жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Жолугушууда миграция менен байланышкан көйгөйлөр талкууланды. Анда Орусия өкмөтүнүн Саратов облусундагы өкүлү Сергей Наумов аталган облуста 1 640 өзбек жараны бар экендигин айтты. Анын 70%ы иш менен камсыз кылуу кызматтары аркылуу жумушка орношкон.

“Бул жылы Саратовго 17 200 чет элдиктер келсе, алардын 62%ы Өзбекстан өлкөсүнөн келгендер. 8 айдын ичинде 2 300 адам жумушка орношуу үчүн уруксат кагазын алышты”,-деди Наумов.

Ал мигранттар көбүнчө курулуш тармагында(27%) эмгектенишээрин кошумчалады. – Ошондой эле айыл чарба, өндүрүш тарамактарында, соодада, унаа оңдоочу жайларда, мейманкана, кафе-ресторандарда да мигранттар иштешет.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция бөлүмүнүн начальниги Алексей Зелепукин талаа жумуштарынын бүтүшү менен 700дөй өзбекстандыктар жумушсуз калуу коркунучунда тургандыгын айтты.

“Чек аралар жабык, жумуш жок болуп калат. Андыктан, мигранттарды жумуш менен камсыз кылуу жагын ойлонгула”,-деди Зелепукин жолугушуу учурунда.

Өзбекстандык делегациянын өкүлдөрү жумушсуз калган мигранттарга иш таап берүүгө аракет кылынаарын билдирди.

“Эгер алар үйлөрүнө кайтууну каалашса, анда мамлекет тарабынан чартердик рейс уюштурулат”,-деди Өзбекстандын өкүлчүлүгү.

http://yntymak.kg/orusiya-aviabiletterdin-baasyn-zhogorulatty/

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.