Сапаттуу жолго кантип жетебиз?

Ош облусунда жолдор оңдоого муктаж. Айрыкча автоунаа көп каттаган көчөлөрдүн ар кайсы жери бузулуп, айдоочуларды түйшүккө салат.

Кара-Суу районунун Нариман унаа жолу кейиштүү абалда. Автоунаалар бир чуңкурдан качып, экинчисине түшүшөт. Бузулган асфальт айдоочуларды жүдөттү.

Ош – Кара-Суу унаа жолу, Нариман айылы

Унаа кыймылы токтобогон Ош-Жапалак жолу да талапка жооп бербейт. Ар кайсы жеринен жамалган көчөлөр жүргүнчүлөр менен айдоочулардын башкы көйгөйүнө айланды. Жергиликтүүлөр бузулган жерлер оңдолуп, жеңилдик жаралса экен дешет:

Транспорт жана жол министрлигинин маалымат катчысы Кылыч Досумбетовдун айтымында, көчөлөрдү калыбына келтирүүгө республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн:

“Казынадан берилген акча аймактык жол чарба мекемелерине бөлүнөт. Анын негизинде кышкы-күзгү жаан-чачындын айынан сапаты начарлап, пайда болгон чуңкурларды асфальттоо башталат. Мындайча айтканда, “ямочный ремонт” болот. Ага кошо жол белгилери боёлуп, жаңылана турган болду”.

Жол адистери курулуш нормалары сакталбаса, жыл айланбай жамалган жерлер кайра бузулушу мүмкүндүгүн эскертишет.

Жолдор эмне себептен бузулат?

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сатыбалды Абдылдакуновдун маалыматы боюнча асфальттын бузулуусуна жер титирөө,суу агып кетүүчү арыктардын (дренаж каналы) жоктугу себеп.

Эң башкысы асфальттын алды бекем болушу керек. Андан кийин жолдун эки четинде суу агып кетүүчү арыктардын (дренаж каналы), троутары менен сөзсүз курулганы оң. Антпесе суу келип, алды нымдашып, жарака кетүүсүн шарттайт. Ошондой эле шагыл сыяктуу керектүү сырьёлор таза жуулуп, анан колдонулганы жакшы. Сырьё таза болбосо, сапаты тез бузулат”, – деди Абдылдакунов

Жол курууда эске алынуучу эрежелер

Ош-Сарыташ-Эркештам жолдор башкармалыгынын адиси Абдымиталип Эсенкулов жаңы төшөлгөн асфальттын бекемдигин сактоо үчүн 72 саат жүк түшпөй турушу керектигин жана ар беш жыл сайын капиталдык оңдоодон өткөрүп туруу зарылдыгын белгиледи:

“Жолдорду көзөмөлдөп туруу башкы мааниге ээ. Мезгил-мезгили менен асфальттын үстүн бүдүрлөп карап турушубуз керек. Себеби, жыл сайын “заливка трешн” деп коёт, мындайча айтканда, ар кандай себеп менен жолдордон жарака кетет”.

Кырдаалдан кантип чыксак болот?

Ош технологиялык университетинин (ОшТУ) автожол жана аэродромдор кафедрасы жолдордун бузулуу себептерин изилдеп, мониторинг жүргүзүп турат:

“Биз жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча учурда интенсивдүүлүк көп. Мисалы, СССР убагында автотранспорттордун саны аз болгон. Азыр унаа кыймылы көбөйдү. Бир автоунаада жок дегенде айдоочусун кошкондо 2 адам болот. Бул жакшы дечи, бирок, көчөлөрдүн тез бузулуусуна алып келет. Ошондуктан, жолдордун санын көбөйтүү менен кырдаалды жакшыртсак болот”,- деди кафедра башчысы Сатыбалды Дүйшеев.

Жолдор түзүлүшүнө карата категорияларга бөлүнөт. Андагы сакталуучу эрежелер:

1-категориядагы жолдун эки тарабында төрттөн сегиз тилке болот:

  • Асфальттын калыңдыгы болжолдуу 17 сантиметрге чейин болгону жакшы жана алдындагы катмары (жаздыгы) 60 сантиметрден кем эмес жасалышы керек.

2-категориядагы жолдун эки тарабында үчтөн алты тилке жайгашат:

  • Асфальттын калыңдыгы 12 сантиметрден кем эмес төшөлүшү керек. Алдындагы алдындагы катмары (жаздыгы) автоунаалардын салмагына жараша 60-65 сантиметр жасалат.

3-категорияга 2 катар жолдор кирет:

  • Асфальттын калыңдыгы 12 сантиметрге чейин болот. Асфальттын алдындагы катмары 20 сантиметрден аз эмес болушу кажет.

4-категорияга жүк көтөрүмдүүлүгү аз, мамлекеттик жолдор кирет:

  • Асфальт 5-6 сантиметр төшөлөт, алдындагы катмары (жаздыгы) 15 сантиметр болушу керек.

5-категорияга айыл жерлериндеги жолдор кирет:

  • Негизинен мындай көчөлөргө шагыл төгүлөт. Анын калыңдыгы 15-20 сантиметр болгону жакшы жана грейдер менен тегиздеп туруу керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-категориядан төмөнкү жолдор пайдаланылат.

Жакында эле Ноокат районунун тургундары тамтыгы чыккан жол боюнча акцияга чыгышкан. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Ноокатты аралап өткөн 28-чакырымынан 75-чакырымына чейинки аралыгы унаа жүрүүгө болбой калган – ар кайсы жери оюлуп, оңдоого муктаж.

Эл аралык маанидеги бул жол эми оңдоло турган болду. Өкмөт башчы Улукбек Марипов абалды көзөмөлүнө алгандыгын билдирип, жакынкы аралыкта тендер жарыяланарын айтты.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов

Башка өлкөлөр жолду кантип курат?

Жапония жолду бетон менен курат. Долбоорлоого, курулушка көп адис тартылып, алардын ар бири өз аймагына жооп берет. Даярдык көрүү этабы узак убакытты талап кылат. Бирок ушул этаптагы кылдаттык менен иштөө мыкты натыйжаларды көрсөтөт.

Германия

Германиянын жолдору Европада стандарттуу деп бекеринен айтылган эмес. Алар танктардын кыймылына ылайыкташтырылган жолдорду курушат. Ошондуктан, автоунаа кыймылы жолду буза албайт.

Асфальт төшөө алдында даярдык иштери кылдат жүрөт, алдындагы катмары (жаздыгы)эки метрге чейин болот. Эгер жол ным болсо, толугу менен кургап бүткөндөн кийин иш улантылат.

АКШ

АКШдагы жолдордун дээрлик баары бетон менен курулат. Бетон жолдун курулушу асфальт жолго караганда узак мөөнөткө созулуп, каражат көп сарпталат. Бирок, жыйынтыгында мыкты сапаттагы жолго ээ болушат.

Пайдалануу мөөнөтү 25 жылды түзөт. Негизи  жолду 10 жылдан ашуун оңдоп-түзөөсүз пайдаланса болот. Бетон жолду оңдоо татаал болгондуктан, жамоо менен жолду калыбына келтирүү мүмкүн эмес.

Финляндия

Финляндия дүйнөдөгү жолдору мыкты өлкөлөрдүн катарына кирет. Европа өлкөлөрүндөй эле, финндер дагыасфальттын алдындагы катмардын (жаздыктын) сапатын кылдат көзөмөлдөшөт. Топурактын туруксуздугу сапаттуу жолдорду курууну татаалдаштырып келген. Азыр топурак массаларын стабилдештирүү ыкмасын колдонушат. Топурактын негизин түзгөн чым же чопо иштетүү үчүн атайын кошулмалар колдонулат. Муну менен ишенимдүү жол курууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Мындан тышкары, Финляндияда топурак жолдорго өзгөчө көңүл бурулуп, алар да жакшы абалда кармалып турат.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.