Сапар Исаков Швейцарияда Дүйнөлүк экономикалык форумда сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 23-январда Швейцариянын Давос шаарында  өткөн «Линейдик эмес дүйнө үчүн экспоненциалдык чечимдер» сессиясында сөз сүйлөдү.

Сессияга «Microsoft», «HP», «UPS» сыяктуу дүйнөлүк ири компаниялардын өкүлдөрү катышып, анда алардын санариптик трансформацияланышындагы аналитикалык маалыматтардын орду талкууланды.

Өкмөт башчы катышуучуларга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформация боюнча программаны ишке ашыруу, анын ичинде санариптик өкмөт, санариптик билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. долбоорлор, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

«Кыргыз Республикасы демократиялык институттарды өнүктүрүү боюнча өлкөдө ырааттуу иштерди жүргүзүп жатат. Өкмөттүн ишиндеги негизги принциптердин бири – ачык жана таза саясат жүргүзүү болуп саналат,”- деп белгиледи Сапар Исаков.

Ошондой эле Кыргызстан Борбордук Азиядагы «Ачык өкмөт» өнөктөштүгү эл аралык демилгесине кошулган алгачкы өлкө болгондугун баса белгилеп, бул чоң жоопкерчилик экендигин кошумчалады.

Кыргыз Республикасы Давос шаарындагы Дүйнөлүк экономикалык форумунда 1998-жылдан бери көрсөтүлгөн эмес. 2018-жылы иш чаранын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Премьер-министр Сапар Исаков башында турган кыргыз делегациясы ДЭФ ишине кайрадан катышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген