Сапар Исаков Нурсултан Назарбаев менен  чек арадагы абалды талкуулады

Премьер-министр Сапар Исаков  11-октябрда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Казакстан республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди.

Өкмөт башчы мындан бир гана Кыргызстандын жарандары эмес, Казакстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары да жабыркап жатканын билдирди.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын өкмөтүнө чек арадагы бардык болуп жаткан маселени чечүү боюнча тапшырма берди.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, “Ак тилек”, “Чалдовар” жана Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон. Казак тараптан текшерүү күчөп, жарандар бир нече сааттап кезекке турушкан.

Чек арада кезек күткөндөрдүн бир катары текшерүүнүн катаалдашын президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы менен байланыштырышкан. Казакстандын Чек ара кызматы “пландуу чек ара операциясы” жүргүзүлүп жатканына байланыштуу өткөрмө бекеттен жарандарды, транспорт каражаттарын, жүктү, товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн жарыялаган.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кордай” көзөмөл-өткөрмө бекетинде блокпосттор орнотулуп, автоунааларды текшерүүгө куралчан аскерлер да тартылып жатканына 11-октябрда “Азаттыктын” кабарчысы да күбө болгон. Казакстан менен чек арасын күзөтүүдө күчөтүлгөн тартипке өткөнүн Кыргызстандын Чек ара кызматы да кабарлап, муну “президенттик шайлоо” менен түшүндүргөн. Кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок экенин маалымдаган.

Президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда казак бийлигин кыргыз шайлоосуна кийлигишип жатат деп сындаган болчу. Ал казак президенти Нурсултан Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолукканын, дагы бир талапкер Темир Сариевдин казакстандык бизнесмен Булат Утемуратов менен телефондон сүйлөшкөнү тараган аудиожазууларды сынга алган.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz