Сапар Исаков Алмазбек Атамбаевдин орун басары болуп дайындалды

Экс премьер- министр Сапар Исаков КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин орун басары болду. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта орун басарлыкка Сапар Исаковдун, Асел Кодуранованын жана Мурадыл Мадеминовдун талапкерлиги каралып, жыйынтыгында Сапар Исаков тандалгандыгы айтылат.

Аталган фракциянын буга чейинки орун басары Фарид Ниязов болгон. Ал “Апрель” коомдук фондунун директору болуп дайындалгандан кийин Алмазбек Атамбаев орун басарсыз калган болчу.

2018-жылдын 19-апрелинде Жогорку Кеңеш Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган эле. Ага президент Сооронбай Жээнбеков кол коюп, отставкага кетирген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген