Санкт-Петербургда кыргыз жаранын өлтүрүүгө шектелген адам кармалды

Санк-Петербургда кыргызстандын жаранын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,  ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошол эле күнү шектүү катары  Россия Федерациясынын  тургуну, 1992-жылды туулган М.М. аттуу жаран кармалган.

Ал жаран Санкт-Петербург шаарындагы убактылуу кармоочу жайга камалды. Россиянын ИИМдин Башкы маалыматтык-аналитикалык борборунун маалыматы боюнча шектүү мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Азыркы учурда, тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизаларды жүргүзгөн соң гана С.Б. аттуунун туугандары тарабынан “Жүк-200” кичи мекенине жөнөтүү маселелери чечилип жатат.

Санкт-Петербургда кыргызстандык мигрант токмоктон өлгөн

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген