Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузсаңыз, кандай жоопкерчиликке тартыласыз?

Өлкө аймагында 1 айга өзгөчө кырдаал киргизилди. Ош облусунун аймагында дагы блок-посттор коюлду. Ага карата Ош облустук ички иштер башкармалыгы атайын билдирүү таратты.

Билдирүүгө ылайык, эгерде санитардык-эпидемиологиялык эрежелер бузулса, жарандар төмөндөгүдөй жоопкерчиликке тартылат:

Жоруктар Кодекси

127-берене – Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу:

  • Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же абайлабай бузуу, эгерде ал ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе – белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.
  • II категория: жашы жете электер үчүн – 150дөн 250гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башка жеке жактар үчүн – 300дөн 600гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.

Кыргыз Республикасынын жазык кодекси

280-берене – Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу:

  • Этиятсыздыктан массалык дартка чалдыгууну, адамдардын уулануусун же башка оор зыянды келтирген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же этиятсыз бузу – VI категориядагы айып салууга, же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
  • II категория – эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө;
  • IV категория: жашы жетелектер үчүн – 800дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин, башка адамдар үчүн – 1800дөн 2200 эсептик көрсөткүчтөргө чейин;

Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодекси

154-берене – Карантиндик режим зоналарынан материалды ташып келүү тартибин бузуу:

  • Өзгөчө карантиндик режим өлкөлөрүнөн же зоналарынан материалдарды ташып келүү тартибин бузуу – үчүнчү категориядагы айып пул салууга алып келет. 3-категориядагы айып пул: жеке адамдар үчүн – 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар үчүн – 170 эсептик көрсөткүч.

Ош шаарына аймактардан адамдардын кирүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген