SAMSUNG жаңы үлгүдөгү смартфонун жарыялады

Түштүк Кореянын Samsung Electronics компаниясы  жаңы үлгүдөгү Galaxy S8 смартфондорун жарыялады. Көргөзмө АКШнын Нью-Йорк шаарында болуп өттү. Жаңы аппараттын өзгөчөлүгү, ал мурдагы үлгүлөрүнө караганда бир аз чоңураак жана сууда да эч бузулбай иштей алат.

Samsung Electronics компаниясы Нью-Йоркто жаңы флагмандык смартфон Galaxy S8 аппараттарын жарыялады. Компания буга чейинки Galaxy Note 7 аппараттарына байланышкан чырдан кийин, бир кыйла түшүп кеткен абройун көтөрүүгө катуу аркет кылып жатат.

“Компания абройун кайтаруу үчүн көп эмгектенди. Бул үлгүдөгү телефондорду пайдаланбай койгонума көп болду. Бирок акыркы чыккан аппараттар өтө сонун”, – дейт  аналитик  Патрик Мурхэд.

Жаңы үлгүдөгү смартфондор мурдагысына караганда бир аз чоңураак жана экраны эки капталына тартылып жасалган. Ошондой эле, камерасы да 5тен 8 мегапикселге чейин жакшыртылган. Өндүрүүчулөрдүн айтымында , смартфон жарым саат сууда эч нерсе болбой иштеп тура алат.

Бул аппарттар АКШда 21-апрелден тарта сатыкка чыгарылмакчы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.