Салык кызматы эки ай ичинде 5 млрд 600 млн 1 миң сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2021-жылдын январь-февраль айларында 5 млрд 600 млн 1 миң сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Белгиленген план 102,8 пайызга аткарылды же 150 миллион 1 миң сомго көп жыйналды. 2020-жылдын эки айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 343 миллион 9 миң сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 106,5 пайызды түздү”, – деп жазылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда ушул жылдын февраль айында 3 млрд 80 млн 6 миң сом суммасындагы камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган. План 30 млн 3 миң сомго ашык аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 210 млн 8 миң сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 107,3 пайызды түзгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.