Салык кызматы 2019-жылга салыштырмалуу республикалык бюджетке 324 млн 7 миң сомго көп салык жыйнады

Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык жыйнады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Белгиленген план 107 млн 3 миң сомго ашыгы менен чогултулду. Муну менен 2019-жылга салыштырмалуу салыктар өлкө бюджетине 324 млн 7 миң сомго көп жыйналды.

Салыктар боюнча план өткөн жылы бюджетке Салык кызматы үчүн мурда белгиленген планды 3 млрд 58 млн 3 миң сомго көбөйтүү менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алганда ашыгы менен аткарылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.