Саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу үчүн бюджеттен акча бөлүндү

Министрлер кабинети 2021 -жылга саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу үчүн бюджеттен кошумча түрдө 1 миллион 612 миң 992,7 сом бөлдү. Бул тууралуу ММК фондунан кабарлашты.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы боюнча, 2021 -жылдын 1 -июлунан тарта врачтардын, медайымдардын жана башка персоналдын эмгек акысы 50 пайызга жогорулатылган, кенже жана техникалык тейлөө персоналына негизги эмгек акыга 1,4 коэффициенти коюлган.

Июль айында ММК фонду республикалык бюджеттен эмгек акыны жогорулатуу үчүн саламаттыкты сактоо уюмдарына 333 265,2 миң сом бөлүп, каржылаган.

Дарыгерлер үчүн республиканын саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин орточо эмгек акысы 12 897,85 сомду түздү (8 598,57 сомго чейин); орто медициналык кызматкерлер үчүн 11 739,49 (7 826,33 сомго чейин), кенже жана техникалык тейлөө персоналы – 9 989,42 (6 659,61 сомго чейин).

Бардыгы болуп республиканын саламаттык сактоо системасынын уюмдарында 77 281,85 штаттык бирдик каралган, анын ичинен врачтар 14 137,75 бирдик, медайымдар – 33 236,95 бирдик, кенже медициналык персонал – 15 567,30 бирдик, калгандары административдик жана башка персонал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.