Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөгө 1 миллиондон ашык доллар зыян алып келгендиги аныкталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 миллиондон ашык долларга мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өлкөгө келтирген зыянынын бети Башкы прокуратуранын атайын текшерүүсү учурунда ачылган.

“Текшерүүгө ылайык, консультациялык кызматтарды сатып алууда тийиштүү мониторинг жүргүзүлбөй, бааларды негизсиз жогорулатуу пландаштырылган. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында “D.&T.” ЖЧКсы менен 1 миллион 60 миң 730 долларга келишим түзүлүп, анын негизинде аталган ЖЧКга 63 миллион 804 миң 432 сом которулуп, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмүндө зыян келтирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү органдарга Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.