Саламаттыкты сактоо министрлиги: Бул жылы сасык тумоо менен ооругандар аз

Сасык тумоонун катталышы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 эсеге төмөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Анда маалым болгондой, профилактикалык эмдөө үчүн тобокел тобуна кирген адамдар жана калктын социалдык аярлуу катмарына киргендердин саны 905 миң адамды түзөт.

“Сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө калктын болжол менен 13 пайызын камтыйт. Планга ылайык, 1-2-этапта сентябрь айынан ноябрга чейин тобокел тобундагы 284 миң 188 адам сасык тумоого каршы эмдөө алган. 3-этапта декабрь айынын башында сасык тумоого каршы дагы 550 миң доза вакцина алынган. Учурда вакцина бардык район-шаарларга бөлүштүрүлүп берилди. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы тобокел тобуна кирген адамдар арасында эмдөө жүрүп жатат”, – деди Үсөнбаев.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.