“Сактанганыма карабай вирус жугуп калды” Президенттин аппарат жетекчиси абалы туууралуу билдирди

Бүгүн, 27-июнда Президенттик аппараттын дагы 9 кызматкеринен коронавирус аныкталгандыгын президенттин басма сөз кызматы билдирген. Маалыматта вирус табылган кызматкерлердин арасында аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевдин да бар экендиги маалым болгон.

Аппарат жетекчиси эрежелерди канчалык сактаганына карабай, коронавирус жуктуруп алгандыгын өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды:

“Бардык карантиндик шарттарды сактаганыма карабай, тапшырган анализдердин жыйынтыгы менен коронавирус менден да тастыкталды. Үй-бүлөмдөн алынган тест таза чыкты. Учурда үй-бүлө мүчөлөрүнөн обочолонуп, өз алдымча үй шартындагы режимде иштеп, дарыгерден тиешелүү консультация алып, дарыланып жатам. Кудайга шүгүр, оору жеңил формада өтүүдө.

Бардыгыңыздарга ден соолук каалайм, сактансаң – сактайм дейт, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бекем карманып, бул илдетти ынтымакта, биримдикте жеңип чыгалы. Эң негизгиси адистердин айткандарын кылалы, дарыгерлерге күч-кубат каалайлы”, – деп жазды Досалиев.

Бүгүнкү тастыкталган учурларды кошкондо, Президенттик аппараттын жалпы 17 кызматкеринен вирус табылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.