Саипжан Турдуевдин вице-мэрликке тажрыйбасы жетпейт. Кадр кызматы мэрге кат жолдоду

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саипжан Турдуевдин мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы стажы бул кызматка дайындалууга жетпейт.  Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк өкүлчүлүгү билдирди. Аталган  кызмат биринчи вице-мэрдин резюмесин  карап чыгып,  3-май күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин  атына кат жиберген. Катта  жаңы дайындалган жетекчинин эмгек стажы жетпегендигине байланыштуу, мыйзамдуу иш жүргүзүү керектиги боюнча жазылган.

Вице-мэрлик административдик кызмат болуп, ал мэр тарабынан дайындалат. Квалификациялык талаптарга ылайык,  мамлекетик  же муниципалдык кызматка келүүдө 5 жылдан кем эмес  эмгек стажы болуусу керек. Ал эми Саипжан Турдуевдин тажрыйбасын кадр кызматы 4 жыл 10 ай деп эсептеген.

Саипжан Турдуев Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп 2-май күнү дайындалган. Ал  мурдагы биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров вице-премьер-министрликке  кызматка көтөрүлгөндөн кийин анын ордуна келген.  Ага чейин Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаты болуп келген.

Түштүк борбор калаанын биринчи вице-мэрлигине Саипжан Турдуевдин дайындалганы боюнча мэриянын расмий билдирүүсүнөн соң,  “Турмуш” басылмасы дагы башка интернет булактарына  маалымат жарыяланган.

Ушул окуядан кийин кадр тандоо маселеси коомчулукта кызуу талкууга айланды. Социалдык түйүндөрдө аткаруу бийлигинде бир күн да иштебеген адамдын келиши боюнча сындар айтылып жатты.  Мамлекеттик кадр кызматы эмнеге мыйзамдуулукту караган жок  деп  социалдык түйүн колдонуучулары нааразы болгон.

 

Ал эми жарандык активист,  “Интербилим” коомдук фондунун Оштогу жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева “Фейсбук” баракчасына Ош шаарынын биринчи вице-мэрин дайындоо мыйзамга туура келбей турганын жазып чыкты.

 

“Интербилим” коомдук уюму жаңы вице-мэрдин дайындалышынын мыйзамдуулугун текшерүү боюнча Ош шаардык прокуратурасына жана Мамлекеттик кадр кызматына кайрылган. Азырынча катка жооп келе элек.

Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар (Өкмөттүн 2016-жылдын 29-декабырндагы топтому).

Комментарий калтыргандардын  көпчүлүгү биринчи вице-мэрлик административдик-муниципалдык кызмат экендигин жазышкан. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзам боюнча 5 жылдан кем эмес эмгек тажрыйба талып кылынаары айтылган.


Биздин “Чарпалек” берүүбүз “Мамлекеттик кызматка тандоо критерийлери” деген темада талкуу курду. Берүүгө  Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Гүлмира Ыбышова катышкан. Ал программада берилген суроолорго жооп берип жатып, биринчи вице-мэрдин иш тажрыйбасы жетпегендигине байланыштуу Ош шаарынын мэрине кат жиберилгенин билдирди.

Мамлекеттик кадр кызматынын катына мэрия кандай реакция кылып жатканы туурауу билүү үчүн “Ынтымак” Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынын башчысы Талантбек Канатбек уулуна кайрылды. Ал вице-мэрге байланыштуу маселе актуалдуулугун жоготконун айтып, интервьюну кийинкиге жылдырып койду.

Эске салсак, Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп  Саибжан Турдуев дайындалган. Тиешелүү буйрукка шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койгонун, 2-майда мэриядан кабарлашкан. Биринчи вице-мэрликке келген С. Турдуев – «Бир Бол» партиясынын мүчөсү. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо аталган партиядан талапкер болгон. Көпчүлүк активисттер түштүк калаанын биринчи вице-мэрлиги “Бир Бол” партиясынын квотасы экенини түз, кыйыр түрүндө да айтып келишет.

Ошентип, Турдуевдин биринчи вице-мэрлик кызматка дайындалышынын канчалык мыйзамдуу экенине азырынча расмий баа бериле элек. Мамлекеттик кадр кызматынын катына жооп Жогорку Кеңеш, борбордук аппарат сыяктуу түзүмдөрдөрдөгү “узак жолду” басып өткөндөн кийин гана белгилүү болорун Гүлмира Ыбышева кошумчалады.

“Кадрлар баарын чечет”деген бул сөз азыркы Кыргызстанда актуалдуу маселеге айланды. Негизи кандайдыр бир кызматка барууда кадрлар кандай критерийлерге жооп бериши керек, кандай сынактардан өтүү зарылчылыгы жаралат деген жана башка суроолорго “Чарпалек” берүүсүндө жооп издеп көрдүк. Ага Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн башкы адиси Гүлмира Ыбышова  менен “Интербилим” коомдук фондунун Оштогу жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева катышып, өз чындыктарын айтышты.

Кандайдыр бир кызматка барууда талапкер сөссүз конкурска катышып, өткөн соң гана дайындаларын Кадр кызматынын өкүлү ишендирет. Ал эми “Интербилим” коомдук фондунун Оштогу жетекчиси буга макул эмес. Конкурсту өткөрүү көз бойомочулук менен коштолуп жатат, даярданган мыкты кадр эмес ошол учурда сүйлөшүлгөн кадрдын өтүп кетет деп билдирет.

Жалпы эле Кыргызстандагы кадрлар маселеси,  тандоодогу  критерийлер боюнча талкууну толугу менен видеодон көрүңүздөр.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген