Садыр Жапаровдун көзүнө операция жасалды

Президенттин басма сөз кызматынан өлкө башчысынын жабык жайдагы күндөн коргоочу көз айнектери боюнча түшүндүрмө беришти.

Алардын айтымында, Садыр Жапаров жакынкы күндөрү көзүнө операция жасалгандыгына байланыштуу жабык жайда көз айнегин тагынууга аргасыз болгон.

“Мамлекет башчысына ылдыйкы кабактын энтропиясы диагнозу коюлган, ага хирургиялык кийлигишүү керек”, – деп билдиришти кызматтан.

Белгилей кетсек, жакында эле өлкө башчы бардык жерде жалаң гана көз айнекчен көрүнөт. Социалдык тармактардын колдонуучулары буга аябай кызыгып, кызуу талкуу жаратышкан.

Маалымат: Көздүн энтропиясы – бул көздүн бир же эки кабактын абалынын өзгөрүшү, мында кабактын чети көз алмасынан артта калат же төмөн карай бурулат, натыйжада былжырлуу кабык сыртка бурулат. Спастикалык, паралитикалык, карылык жана цикатриалдык эверсиясы бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.