Садыр Жапаров УКМКнын 64479-аскер бөлүгүнө Күжүрмөн туу тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы 64479-аскер бөлүгүнүн түзүлүшүнүн 50 жылдык мааракесине жана Күжүрмөн тууну салтанаттуу тапшыруу аземине катышты.

Садыр Жапаров бул аскер бөлүгү алгач Совет доорунда СССР мамлекетинин жогорку бийлик органдарындагы байланышты камсыз кылуу максатында түзүлүп, коюлган талаптарды так аткарып, күжүрмөн даярдыгы менен айырмаланып келгенин белгиледи. Бүгүн дагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы тапшырмаларды аткарууда аскер бөлүгүнүн салымы чоң экендиги күмөн жаратпайт.

Ал аскер кызматчыларына чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгиледи. Анткени өлкөнүн коопсуздугун камсыздоочу негизги орган – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин негизги жумуш объектилеринин коопсуздугун камсыздоо 64479-аскер бөлүгүнүн кесипкөй жана күжүрмөн иш алып баруусуна байланыштуу.

Башка кесип ээлеринен айырмаланып, аскер кызматчыларынын алдына коюлган тапшырма ары татаал жана кыйла жоопкерчиликтүү. Себеби мамлекеттин бүтүндүгү менен эгемендигин коргоо үчүн аскер кызматчылары болгон мүмкүнчүлүгүн колдонуудан сырткары, керек болсо өмүрүн да аябай, курмандыкка барууга даяр болору талашсыз чындык.

Ушуга байланыштуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири – аскердик дараметти жана социалдык камсыздоону жогорулатуу болуп саналат.

Мамлекет башчысы ардагерлер жана ардагерлердин уюмдарынын өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоодогу ролун, аларга жаш жоокерлер, сержанттар, прапорщиктер жана офицерлер карап түздөнөөрүн өзгөчө белгиледи.

Андан соң президент Садыр Жапаров аскер бөлүгүндө казарма, УКМКнын А.К. Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун жаңы имараты менен таанышты.

Аталган Институттун 2011-жылдын 28-мартында Өкмөттүн токтомунун негизинде түзүлгөн. Учурда анын базасында УКМКнын билим берүү ишмердүүлүгү жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кесипкөй кадрларды сапаттуу даярдоону жана билим берүү процессин жакшыртуу максатында генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында КР УКМКнын Академиясын куруу боюнча уюштуруучулук мүнөздөгү маселелер чечилүүдө.

Иш-чара соңунда Садыр Жапаров аскер бөлүгүндөгү ардактуу меймандардын китебине эстеликке каалоо-тилегин жазып калтырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.