Садыр Жапаров Түркиянын тышкы иштер министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, өлкөгө расмий иш сапары менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды.

Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы быйыл отуз жыл толо турган кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.

Президент акыркы айларда эки өлкө ортосунда бир катар маанилүү маселелер чечилгендигин баса белгилеп, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн Түркия тарапка ыраазычылыгын айтты.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров маданий-гуманитардык өз ара байланыштардын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеп, кыргыз тараптын IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.