Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 30-апрелде президен Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өзбек өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Анда маалымдалгандай, мамлекет башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жана аны тез арада чечүү жолдорун талкуулады.

Мындан тышкары, март айында Ташкент шаарында өткөн саммитте кабыл алынган эки тараптуу келишимдерди ишке ашыруу маселелери сүйлөшүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.