Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганга Түркиядагы өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга өлкөдөгү бир нече провинциясындагы адам өмүрлөрүн алган, оор кесепеттерге алып келген өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Көңүл айтуу телеграммасы:

«Түркиянын бир нече провинциясында чыккан өрттүн себебинен каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор мезгилде Түркия элине табигый кырсыктын кесепеттерин жеңип чыгууда кайраттуулукту жана туруктуулукту каалайм.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам, ошондой эле бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин тилейм».

Белгилей кетсек, Түркияда акыркы күндөрү 100дөн ашуун токой өрттөрү өчүрүлдү, бирок жекшемби күнгө карата Анталия жана Мугла курорттук провинцияларында беш өрттүн жайылышын токтотуу азырынча мүмкүн боло элек.

Өлкө бийлиги билдиргендей, Бодрум курорттук шаарынын аймагында туристтер мурда бир нече мейманканадан эвакуацияланган.

Өрттүн кесепетинен туристтер мейманканалар менен үйлөрдү каптап кетет деп кооптонуп, Түркиянын түштүк-батышындагы пляждардан, анын ичинде Бодрумдан эвакуацияланды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.