Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолугушуу өткөрүштү

Бүгүн, 29-июнда Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жеке форматындагы жолугушуусун өткөрүштү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Эмомали Рахмон өз сөзүндө Тажикстан Садыр Жапаровдун аталган өлкөгө расмий сапарына өзгөчө маани берерин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын чыгармачыл өнүгүүсүнө чын жүрөктөн кызыкдар экендигин баса белгиледи.

«Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде өз ара аракеттенишүүдө жана сиздер менен биздин мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн абалын жана келечегин талкуулоого даяр», – деди ал.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Эмомали Рахмонго Тажикстанга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Садыр Жапаров ушул жылдын 28-30-апрелинде эки өлкөнүн элдери үчүн болгон трагедиялуу окуялар оор тарыхый сыноолордун күндөрү болуп калгандыгын өкүнүч менен белгиледи.

«Куралдуу кагылышуунун мындан ары кайталанышына эки тарап тең жол бербеши керек экендигин баса белгилеп кетким келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери боордош элдер болгон, кыргыздар менен тажиктер ар дайым жакшы коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен », – деп баса белгиледи ал.

Садыр Жапаров тараптар биргелешкен аракеттердин натыйжасында чек ара маселелерин чечүү жолдорун табышаарына ишеним билдирди.

Жолугушуудан кийин өлкөлөрдүн лидерлери
сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.