Садыр Жапаров Катардын Эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Катар мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары кыргыз-катар эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана аны бардык чөйрөдө өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. 

Жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларын уюштуруу, Экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-катар өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу сыяктуу маселелер көтөрүлдү. 

Ошондой эле тараптар эл аралык жана регионалдык айдыңдагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. 

Садыр Жапаров Катар мамлекетинин Эмирине кыргыз элине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, Эмирди жана Катар элин алдыдагы Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.