Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге аскер бөлүгүндөгү жардыруудан каза болгондорго байланыштуу көнүл айтты

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Казак өлкөсүндөгү Жамбыл облусунун Байзак районунда жайгашкан аскер бөлүгүндө болгон жарылуудан каза болгондорго байланыштуу Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көнүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кбарлашты.

Көңүл айтуу сөзүндө төмөнкүлөр айтылат:

«Бул суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин баарына тезирээк сакайып кетүүнү каалаймын. Орду толгус жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз», – деп айткан мамлекет башчысы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.