Садыр Жапаров калкты эмдөөнүн темпин тездетүүнү тапшырды

Садыр Жапаров республикалык оперативдик штабга өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавирус инфекциясына каршы иммунитетин иштеп чыгуу максатында калкты эмдөөнүн темпин тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин администрациясынын, министрлер кабинетинин, министрликтер менен ведомстволордун, министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, райондук мамлекеттик администрациялардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан сырткары саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине медициналык жана социалдык кызматкерлерди, ал эми билим берүү жана илим министрлигине – билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлерди толук эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Ошол эле учурда, бардык конфессиялардын диний кызматкерлерине, коомдук тамактануучу жайлардын, соода, тейлөө, транспорт, банк кызматкерлерине жана башка адамдар массалык түрдө топтолчу ишканалардын кызматкерлерине вакциналарды алуу сунушталат.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн бардык жарандарын өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын ден-соолугун коргоо үчүн аң-сезимдүү болуп, эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.