Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту

Ашхабадда президент Садыр Жапаровдун жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, Садыр Жапаровдун авто кортежин Ашхабаддын Эгемендүүлүк аянтында Түркмөнстандын президенти тосуп алды. Ротанын ардактуу караулунун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эки өлкөнүн лидерлери ардактуу кароол ротасын бойлой басып, өз өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Аскер оркестринин маршы менен ардактуу кароол ротасы мамлекет башчыларынын алдынан салтанаттуу өтүштү.

«Андан кийин Садыр Жапаров унаа менен, атчандардын коштоосунда Огузхан сарай комплексине жөнөдү. Бул жерде мамлекет башчылары биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин бетме-бет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн залга барышты », – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.