Садыр Жапаров Германиянын канцлерине жана президентине суу каптоодон жапа чеккендерге байланыштуу көңүл айтты

Садыр Жапаров Германиянын канцлери Ангела Меркелге жана өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Германиядагы суу каптоонун кесепеттеринен каза болгондорго байланыштуу көӊʏл айтты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Кыргыз өлкөсүнүн элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Түндүк Рейн-Вестфалия жана Рейнланд-Пфальц федералдык аймактарында суу каптап, анын кесепеттеринен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу тереӊ кайгыруу менен көӊʏл айтам. Бул кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, – деп айтылат көңүл айтуу сөзүндө.

Эске салсак, Германияда 12-июлдан тарта нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен суу ташкындап, адамдар жабыркашты. Акыркы маалыматтар боюнча, көз жумгандардын саны 150дөн ашты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.