Садыр Жапаров элди коронавируска каршы вакцина алууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Facebook баракчасына билдирүү калтырып, кыргызстандыктарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.

“Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады”, – деп жазган президент.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпы 1 млн 16 миң 696 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 790 миң 727 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.