Садыр Жапаров: Эл колдоп турса болду

Президент Садыр Жапаров жакында Фейсбук баракчасында жазган постунда мамлекеттеги олуттуу маселелерге токтолуп, аларга кенен жооп бергенге аракет кылды. Алардын бири – коомчулуктун көңүл чордонунда турган “Кумтөр” иши болду.

Өлкөдөгү эң ири алтын кенин Кыргыз мамлекетинин пайдасына чечүү маселесинде, президент учурда өндүрүлүп жаткан алтынды, мурунку сатуу жолу буулуп калганына карабай, экспортко чыгарса болот экенин айтып өттү.

Буга мисал, жакында Кыргызстан Индияда өткөн Speed Networking аттуу жыл сайын өтүүчү бизнес-форумунда кыргыз алтынын Индияга экспорттоо маселеси сунушталды. Айта кетсек, Индия ири көлөмдө зер буюмдарды жасап, чоң өлчөмдө алтынды импорттоп турат.

Андан тышкары, алтынды бир гана Лондондогу биржада эмес, башка рыноктордо да сатса болот. Алтын менен соода жүргүзгөн ири биржалар – Гонконгдо, Нью-Йоркто, Чикагодо, Франкфуртта бар. Алтын менен ири сооданы Сауд Аравиясы, Түркия да жүргүзүшөт.

Канадалык компания менен соттошуу тууралуу айтып, “эл аралык соттон утулуп калсак эмне болот дегендер да бар экен. Утулбайбыз, утабыз” деп так кесе жазган. Бул туура позиция! Себеби, мындай учурда президент өзүн ишенимдүү алып жүрүп, коомчулукка дем берип туруш керек.

Ошол эле учурда, гипотетикалык вариантты да эске алып, эл аралык соттон утулуп калсак эмне болоорун божомолдогон.

Кандай болгон күндө да, өз кенибизге өзүбүз ээ болорубузду эшиткен.

“Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го?” деп жазат президент. Бул эмнени түшүндүрөт? Биринчиден, Садыр Жапаров, эл аралык сотто кыргыз тараптын позициясы күчтүү экенин жана утулуу бир гана шартта болушу ыктымал экенин белгилеген: “дүйнөлүк мафиянын таасири менен”.

Демек, соттун чечими канадалык компания тарабына чыккан күнү дагы, кыргыз өкмөтүнүн андан ары талашып-тартышуу үчүн далай далилдери болот дегендик.

Президент постунун “Кумтөр” тууралуу бөлүгүндө негизги таяныч эл болорун баса белгилеп кеткен.

“Эл колдоп турса болду. Казып атабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт” деп, кен маселесинде элдин колдоосу зор күч экенин айткан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.