Садыр Жапаров бүгүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушат

Бүгүн, 23-июнда, президент Садыр Жапаров бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы ишкерлер менен экономикалык өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун, экономикалык реформаларга багытталган жакынкы жана узак мөөнөттүү пландарын, ошондой эле бизнес коомчулугун кызыктырган көйгөйлөрдү талкуулай турганы белгиленди.

Мындан тышкары, бийлик менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүү маселелери талкууланат.

Садыр Жапаров менен жолугушууга ар кайсы тармакта, анын ичинде республиканын аймактарынан келген компаниялардын жана уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Белгилей кетсек, иш-чара зарыл болгон санитардык-эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен уюштурулган, чакырылган бардык адамдар ПЦР анализдеринен өткөн.

Түз эфир бүгүн саат 10.00дө КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда жүргүзүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.