Садыр Жапаров Анкарага расмий иш сапары менен барат

Садыр Жапаров июнь айында Түркиянын борбору Анкарага расмий иш сапары менен барат. Тышкы иштер министрилигинин маалымат департаментинен билдиришкендей, ал жерде Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин 5-отуруму болот.

Кечээ, 26-майда, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өмүралиев Чавушоглу менен президент Садыр Жапаровдун жакында боло турган расмий иш сапары тууралуу жана ушул жылдын июнь айында Анкара шаарында Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык Кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин 5-отурумун өткөрүүнү, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.